Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-апрели № 3045-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Пирматов, А.А.Арапбаев, К.Т.Туманов, Б.Э.Төрөбаев, А.Т.Сулайманов, Т.Т.Туманов, Ж.А.Саматов, М.К.Осмонов, А.Ж.Эшимов, А.К.Келдибеков, Ч.А.Султанбекова, А.Э.Суракматов, Т.У.Шайназаров, Г.А.Скрипкина, Ж.К.Кудайбергенов, Н.М.Мурашев, А.М.Режавалиев, К.Ж.Рыспаев, Н.Н.Бадыкеева, И.К.Гусаров, Н.К.Алимбеков, Т.Бакир уулу, М.И.Бакиров, Д.А.Жумабеков, К.С.Дыйканбаев, А.Б.Калматов, Э.Б.Иманкожоева, К.С.Самаков, З.И.Бекбоев, А.Н.Измалкова, М.Г.Мадеминов. М.А.Султанов, М.Б.Тиленчиева, Н.А.Айдаров, Т.М.Узакбаев жана Э.Исаков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (А.К.Келдибеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун жазуу жүзүндө келип түшкөн сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага |
| А.Жээнбеков |