Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-апрели № 3043-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 31-январында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Э.А.Сакебаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинен жооптуу;
Ө.Ч.Текебаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
О.А.Молдалиев - Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү;
А.Н.Шыкмаматов - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине (К.Бокоев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Жээнбеков |