КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели № 3005-V
"2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун четке кагуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2012-жылдын 22-августу, № 579 токтому) "2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору четке кагылсын.
Төрага | А. Жээнбеков |