ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2014 – жылдын 15 - январындагы № 3751 -V «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө», «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому

Редакция15.01.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 2014 – жылдын 15 -январы № 3751 -V

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши

ТОКТОМ  К Ы Л А Т:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В. Пикитенко, А.А. Сасыкбаева, А.Т. Алтыбаева, Г.А. Скрипкина, Э.Ж. Алымбеков жана Э.С. Иманалиева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

 А. Жээнбеков