Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 2913-V
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана ал боюнча жогорку окуу жайларына конкурстук кабыл алуунун жыйынтыктары: көйгөйлөр жана келечеги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы К.Осмоналиевдин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.Ж.Садыковдун "Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана ал боюнча жогорку окуу жайларына конкурстук кабыл алуунун жыйынтыктары: көйгөйлөр жана келечеги жөнүндө" маселе боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт:
Жалпы республикалык тестирлөө (мындан ары - ЖРТ) Кыргызстанда 2002-жылдан тартып жүргүзүлөт жана бүтүрүүчүлөргө калыс, ачык тестирлөөнү жүргүзүүгө жана жогорку окуу жайларына (мындан ары - ЖОЖдор) кирүүнүн ачык, адилеттүү процессин камсыз кылууга багытталган билим берүү жаатындагы коррупцияга каршы ири долбоорлордун бири болуп саналат. 2003-жылы "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ЖОЖдорго кирүү үчүн ЖРТнүн милдеттүүлүгү белгиленген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 токтому менен бекитилген жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө Жобого ылайык ЖРТ тест өткөрүү боюнча усулдарды пайдалануу менен билим берүү жаатында көз карандысыз баа берүүгө адистешкен мамлекеттик эмес уюм тарабынан жүргүзүлөт.
2004-жылы "Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ)" көз карандысыз тест өткөрүү уюму түзүлгөн, ал мамлекеттик эмес коммерциялык эмес мекеме болуп саналат.
2002-жылдан тартып өлкөнүн жогорку окуу жайларына кирүүнү каалаган 382680 бүтүрүүчү жалпы республикалык тесттен өткөн. Алардын ичинен окутуунун гранттык түрүнө 53455 адам кирген. Окутуунун гранттык түрүнө киргендердин жалпы санынын ичинен 66%дан ашыгы айылдык мектептерден келген абитуриенттер, 33%га жакынын Бишкек шаарынан жана чакан шаарлар менен областтык борборлордон келген абитуриенттер түзгөн. 2012-жылы 56486 адам ЖРТгө катышкан.
ЖРТнү өркүндөтүү - узак мөөнөттүү биринчи кезектеги милдет, аны ББОУБ менен Билим берүү жана илим министрлиги дайыма жүзөгө ашырып турат. Жаңы предметтик тесттерди киргизүү, тестин мазмунун жана тест өткөрүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүү, ЖРТгө карата даярдык боюнча "TV Алиппе" программасына 104 көрмө сабактарды түзүү жана аларды 2011 жана 2012-жылдарда КТРдан көрсөтүү, каттоочулар, мугалимдер жана абитуриенттер үчүн Кыргызстандын ар бир районунда жана шаарында семинарларды жыл сайын өткөрүү, ЖРТгө карата даярдык боюнча болгон жаңы окуу куралдарын түзүү жана болгондорун жаңылоо менен башка бул жылда киргизилген оң өзгөртүүлөр ЖРТнүн өнүгүшү жөнүндө күбө болот.
2011-жылдан тартып Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси боюнча ЖРТ окуу жайынын менчигинин түрүнө карабастан окутуунун бардык түрүнө абитуриенттерди киргизүү үчүн милдеттүү болуп калды. Мына ошентип, ЖОЖдорго кирүү ЖРТнүн натыйжалары боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш болгон (40-берене) "Билим берүү жөнүндө" Мыйзам бүгүнкү күндө толук мерчемде аткарылууда. Андан тышкары, бул мамлекеттик грантты алууну максат кылган окуучуларга гана эмес, ошондой эле ЖОЖдо өз окуусун улантууну каалагандардын баары үчүн бекем билим берүүгө тийиш болгон мектептерге жоопкерчилик жүктөйт.
ЖРТ окуучулардын жалпы академиялык көндүмдөрүн жана алардын көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүүлүгүн текшерет. Аларга бүтүрүүчүлөрдүн ойлоо, талдоо жана логикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн билүүчү маселелердин киргизилгендиги тесттик суроолордун өзгөчөлүгү болуп саналат. Негизги тест төмөнкү үч бөлүмдөн турат:
математикалык (бул бөлүктө арифметика, алгебра жана геометрия боюнча билимдердин жардамы менен концептуалдык түшүнүү, жол-жоболук билимдер, маселелерди чечүү, б.а. математикалык сабаттуулук текшерилет);
сөздүк - логикалык (окутуу тилиндеги сүйлөмдөрдү окшоштуруу жана толуктоо, окуу жана түшүнүү);
тилдин практикалык грамматикасы (тилди практикада пайдалана билүү текшерилип, орфографиялык, пунктуациялык жана сүйлөө сабаттуулугуна баа коюлат).
ЖРТнүн түзүмүнө физика, химия, биология, англис тили, тарых жана математика боюнча предметтик тесттер да киргизилген.
Бардык тесттик тапшырмалар тажрыйбалуу адистер менен педагогдор тарабынан даярдалган. Тести иштеп чыгуунун, тестирлөө жүргүзүүнүн жана анын жыйынтыктарын иштеп чыгуунун бүткүл процессинин ичинде тесттик суроолордун купуялыгын сактап калуу үчүн катуу коопсуздук чаралары сакталат.
ЖРТнү жайылтылуу менен Билим берүү жана илим министрлиги жогорку билимге жетүүнүн теңдигин камсыз кылууга жана атап айтканда ЖОЖдордогу бюджеттик орундар үчүн атаандаштыкта айылдык жана тоолуу жерлердин жаштарын колдоого умтулган. Бул үчүн абитуриенттер аркыл категорияларга киргизилген: Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү, чакан шаарлар менен областтык борборлордун бүтүрүүчүлөрү жана бийик тоолуу райондордун мектептеринин бүтүрүүчүлөрү. Бул категорияларга ылайык ЖОЖдорго кирүүдө абитуриенттер ошол эле категориянын ичиндеги башка бүтүрүүчүлөрдүн арасында гана атаандашат.
Статистика көрсөтүп тургандай, Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү кыйла жогорку баллдарды алат, экинчи орунда - областтык борборлор менен чакан шаарлардын бүтүрүүчүлөрү, алардан кийин айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү келет жана акыркы топту бийик тоолуу райондордун мектептеринин бүтүрүүчүлөрү түзөт. ЖРТнү орус тилинде берүүчү абитуриенттердин баллынын орточо көрсөткүчү кыргыз жана өзбек тилдеринде тестирлөөдөн өткөн абитуриенттердин орточо баллынан бир нечеге жогору болгон.
Бул маалыматтар баарынан мурда республиканын айылдык мектептериндеги билим берүүнүн сапатынын жогору эместигине, алардын окуучуларынын билим алуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрүнүн жок экендигине күбө болот. Мугалимдердин квалификациясын, окуу китептери менен окуу-усулдук материалдардын, материалдык-техникалык камсыз болуунун сапатын да эске албай коюуга болбойт. Андан тышкары тест тапшыруу өзгөчө көндүмдөрдү талап кылат, көпчүлүк бүтүрүүчүлөрдүн окуп жаткан мезгилде тесттерди тапшыруу тажрыйбасы аздык кылат.
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү, мектептердин администрациялары жана мугалимдери тарабынан Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен бирге айылдык мектептердин жана алыскы тоолуу райондордун бүтүрүүчүлөрүн ЖРТга даярдоого жетиштүү көңүл бурушпайт. ЖРТга даярдоонун жүрүшүндө тестирлөө боюнча көнүгүүлөрдү өткөрүүнү уюштурууну жана тестирлөө өткөрүүнүн мазмуну, жол-жоболору жана эрежелери жөнүндө жана башкалар менен бүтүрүүчүлөрдү так маалымдоо боюнча иш чараларды кароо зарыл. Мектептер тарабынан Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун дарегине республикалык жалпы тесттин мазмуну орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартына шайкеш келбегендиги жөнүндө да сын-пикирлер айтылууда.
ЖРТнү жүргүзүү үчүн тесттик кызматты дайындоонун жолу жалпы республикалык тест өткөрүүнүн өнүгүшүнө кедерги болгон олуттуу көйгөй болуп саналат. Жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө Жобо боюнча Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТ жүргүзүү үчүн көз карандысыз тесттик кызматты жыл сайын дайындоого тийиш. Бул тесттик кызматтын өзүнүн ишин кандайдыр бир узак мөөнөткө пландаштырууга мүмкүндүк бербейт, анын кийинки жылы өзү дайындалаарына кепилдиктери болбойт. ЖРТнү даярдоону каржылоодо олуттуу кыйынчылыктар пайда болот. ББОУБ көп жылдардан бери тесттик материалдарды иштеп чыгууну, ЖРТ өткөрүү үчүн дайындала тургандыгына кепилдиктери жок туруп кыйынчылыктарды жана тобокелдиктерди өз мойнуна алып, тесттик материалдарды иштеп чыгууну, каттоого жана тест жүргүзүүгө даярданууну жүргүзүп келе жатат.
ЖРТнүн натыйжалары боюнча жогорку окуу жайларына сынактык кабыл алуу. 2012-жылы ЖОЖдун бардык окутуу түрлөрүнө кирүүдө ЖРТнүн милдеттүүлүгүн караган ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу боюнча ченемдик укуктук актылар бекитилген.
2012-жылы, мурдагы жылдардай эле мамлекеттик ЖОЖдордо 5705 гранттык орун бөлүнүп берилген.
2012-жылдагы киргизүүнүн натыйжасында мектептердин ар бир категорияларынан тест өткөрүүнүн катышуучулары: 46,7%ы айылдык мектептердин, 19,4%ы бийик тоолуу зонанын мектептеринин, 17,8%ы Бишкектин мектептеринин жана 16,1%ы областтык борборлор менен чакан шаарлардын бүтүрүүчүлөрү жогорудагыдай катыштык өкүлчүлүк алган.
2012-жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталган гранттык орундарга босого баллы 110 баллды жана контракттык орундарга 105 баллды түзгөн. ЖОЖдорго кирүү үчүн негизги тесттен тышкары жок дегенде бир предметтик тест (медициналык адистиктерге - эки) тапшыруу зарыл болгон.
Абитуриенттерди тандап алуу жана киргизүү ЖОЖдун ректор башчылык кылган гранттык комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Комиссияга ЖОЖдун факультеттеринин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин же анын региондук түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кирет. ЖОЖдорго кабыл алуу өнөктүгүнүн жүрүшү үчүн көзкарандысыз байкоочулар институту каралган.
Бирок, ЖОЖдордун гранттык комиссияларынын ишинде абитуриенттерди кабыл алууга байланыштуу бир катар кемчиликтер жана жетишпегендиктер орун алган. Алсак, 2012-жылы абитуриенттер ЖРТ маселелери жана жогорку окуу жайларына тандоо жана кабыл алуу эрежелери, 3-турдан кийин гранттык орундардын бөлүштүрүлүшү, бош орундар жөнүндө жетиштүү маалыматтарды алышкан эмес. Айрым ЖОЖдордо сертификаттардын талондорун кабыл алуу жетиштүү уюштурулбай, абитуриенттердин узак кезек күтүү фактылары орун алган, ушундан улам кабыл алууга тиешеси жок адамдардын (окутуучулардын жана жогорку курстун студенттеринин) айрып алма талондорду кабыл алууда ортомчулук аракеттери байкалган. Кошумча бөлүнгөн орундарга сынак жүргүзүүдө гранттык комиссиялардын ишинде ачыктык жана маалымдуулук принциптери так сакталбаган, бул процесстин коррупциялашкандыгы жөнүндөгү коомчулуктун шек саноосун пайда кылган.
Ошол эле мезгилде ЖОЖдордун сайттары жана өз кезегин күтүп жатышкан абитуриенттер жана алардын өкүлдөрү үчүн чоң экран аркылуу тикелей трансляциялоо менен айрым алма талондорду каттоо жана жыйноо залында камераларды орнотуу жолу менен ачыктыкты жана айкындыкты сактоого жетишүүгө болот.
Сертификаттардын айрып алма талондорун кабыл алуунун жана маалыматтарды иштетүүнүн тездигин ЖРТнын сертификаттарында жана башка документтерде болгон штрих-коддорду сканирлөө үчүн жабдууларды орнотуу жолу менен тездетүүгө болот.
2012-жылы министрлик тарабынан ЖОЖдогу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында негизги тест боюнча босого балдарын төмөндөтүүнүн максатка ылайык келбестиги жөнүндө чечим алгачкы жолу кабыл алынган. Көп жагынан мына ушуга байланыштуу айрым региондук ЖОЖдорго, ошондой эле бир катар айыл чарбалык, педагогдук жана техникалык кесиптердин түрлөрүнө абитуриенттердин толук алынбай калуу көйгөйлөрү келип чыккан. Бирок, жалпысынан республика боюнча окутуунун күндүзгү түрүнө кабыл алынган абитуриенттердин саны 2011-жылга салыштырганда олуттуу азайган жок: 2011-жылы - 19,5 мин, 2012-жылы - 17,5 миң.
Гранттык орундарга кабыл алуу планынын аткарылышы тармактар боюнча алганда бирдей эмес, коопсуздук жана жаратылышты көрктөндүрүү, транспорт, тоо-кең казып алуу өнөр жайы жана энергетика чөйрөсүндөгү багыттар боюнча толбой калуу кыйла көп.
Адистиктер боюнча алганда абитуриенттердин толбой калуусун талдоо бул көрсөткүч математика жана физика боюнча предметтик тесттердин натыйжаларын талап кылуучу даярдыктын багыттары жана адистиктери боюнча көрсөткүч жогору экендигин көрсөтүүдө.
Ректордук корпус тарабынан окутуунун баардык түрлөрүнө киргизүү үчүн ЖРТнүн милдеттүүлүгү жөнүндө жаңылык киргизүүгө баа берүү бирдей эмес. Бир жагынан ЖОЖдор ЖРТнүн жогорку билим берүүгө адилет жана ачык жетүүнү колдоого жана билим берүү жаатында коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган оң жактары бар экендигин моюнга алат. Башка жагынан алганда, ЖОЖдор кабыл алуу комиссиясына багыттык предметтер боюнча кирүү сыноолорун жүргүзүү укугун берүү зарыл деп эсептейт.
Республиканын бүткүл аймагында бир убакта тест жүргүзүү өткөрүлбөгөндүгүн ЖРТнүн айрым кемчилиги деп эсептөөгө болот, мунун өзү тесттин мазмуну жөнүндө айрым маалыматтардын ачыкка чыгып кетүүсүнө өбөлгө түзөт. Андан тышкары иш жүзүндөгү мектеп окуучусунун ордуна башка адамдын тест тапшыруусу деп аталган көйгөй бар.
Азыркы мезгилде "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесин аткарууда жалпы республикалык тестирлөө ЖОЖдорго кирүүнү каалаган абитуриенттер үчүн гана жүргүзүлөт. Мектептердин бүтүрүүчүлөрү ЖРТгө каттоо взносторун төлөө менен өз каалоолору боюнча ыктыярдуу негизде катышат. Жыл сайын республиканын жалпы билим берүүчү уюмдарынын бардык бүтүрүүчүлөрүнүн жарымынан азы ЖРТгө гана катышат.
Ошол эле мезгилде, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жогоруда көрсөтүлгөн беренесинде орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо жалпы республикалык тестирлөө менен шайкеш болушу мүмкүн экендиги каралган. Маселен, мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча мамлекеттик үлгүдөгү орто жалпы билим берүү жөнүндө аттестат берилет, ЖРТ бул учурда мектептердин бардык бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болууга тийиш жана ага ылайык республикалык бюджеттен каржылоо талап кылынат. Бул тесттин максатын жана мазмунун кординалдуу өзгөртүү зарылдыгына алып келет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы К.Осмоналиевдин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.Ж.Садыковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы республикалык тестирлөөнү жана ал боюнча жогорку окуу жайларына сынактык кабыл алууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштери жетишсиз деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2013-2014-окуу жылынан баштап жалпы республикалык тестирлөө менен жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоону айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн карасын жана ал боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитсин;
- Билим берүү жана илим министрлигинин тестирлөөнүн Улуттук борбору тарабынан жалпы республикалык тестирлөөнү жүргүзүү үчүн 2013-жылы республикалык бюджеттен 40 млн.сом карасын;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү үчүн көз карандысыз тесттик кызматты бир нече жылдык мөөнөткө дайындоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы N 404 токтому менен бекитилген "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө" Жобого өзгөртүү киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- 2013-жылы мыйзам менен белгиленген тартипте жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү боюнча көз каранды эмес тесттик кызматты аныктоо үчүн тендер өткөрсүн;
- жалпы республикалык тестирлөөнү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоону максаттуу өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү программаны иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- жалпы республикалык тестирлөөнүн мазмунун окуу программасына ылайык келтирүү боюнча чараларды көрсүн;
- бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен (билим берүүнүн шаардык жана райондук бөлүмдөрүн, мектептердин, ЖОЖдордун жетекчилерин, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн, ата-энелерди, бүтүрүүчүлөрдү, жарандык секторду ж.б.) ЖРТнүн жыйынтыктарын талкуулоону жыл сайын жүргүзсүн;
- ЖОЖдордо мектептик предметтерди окутуунун усулдук кафедраларын ачуу боюнча чараларды көрсүн;
- мектептик билим берүүнүн заманбап стандарттарын киргизүү боюнча иштерди улантсын;
- окуу программаларынын жаңы стандарттарына ылайык мугалимдер үчүн окуу китептерин жана окуу куралдарын жана усулдук материалдарды иштеп чыксын жана алар менен республиканын жалпы билим берүүчү уюмдарын камсыз кылсын;
- жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерин алар окуткан предметтер боюнча заманбап усулдук адабият менен камсыз кылсын;
- билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн билим берүүнүн сапатын башкаруунун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын пайдалансын;
- ЖОЖдордун гранттык комиссиялары тарабынан ЖОЖдорго киргизүү боюнча сынак өткөрүүнүн ачык-айкындуулук принцибинин сакталышын катуу контролдосун;
- жалпы республикалык тестирлөө жана ЖОЖдорго кабыл алуу жол-жоболору жөнүндө абитуриенттерге толук маалымат берүү боюнча чараларды көрсүн;
- бүткүл республиканын аймагында бир мезгилде жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| Т.Зулпукаров |