КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-январы № 3763-V
«Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 19-декабрындагы №687 токтому) Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын
Төрага | А.Жээнбеков |