КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-ноябры № 2461-V
Кыргыз Республикасынын аймагына Кытай Эл Республикасынын
автомобилдик жүк ташуучуларынын кирүүсүнө тыюу салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ата мекендик автомобилдик жүк ташуучуларды колдоо максатында товарларды ташып келүүнүн үстүндө иштеген Кытай Эл Республикасынын автомобилдик жүк ташуучуларынын Эркештам жана Торугарт өткөрүү жайлары аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине, Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б. Мамырова |