КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-ноябры № 2530-V
К.Жороевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун
судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген К. Жороевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлоо үчүн сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Курманбек Жороев четки жаш курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
Төрагасынын орун басары | Т. Зулпукаров |