Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-ноябры № 2538-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо
жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик протоколу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын
Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Б.Мамытов, К.Э.Осмонов, А.Б.Калматов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.К.Иманалиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |