Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры № 2296-V
"Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында,
Ош жана Жалал-Абад областтарында 2010-жылдын апрель жана июнь
окуяларында жабыр тарткан адамдарды колдоонун кошумча чаралары женүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын
Президентинин каршы пикири тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад областтарында 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан адамдарды колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 21-июнунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад областтарында 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында.жабыр тарткан адамдарды колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Өкмөтүнүн, Улуттук банкынын жана Кыргызстандын Банктар бирлигинин екүлдөрүнөн жумушчу комиссия түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жумушчу комиссия:
жабыр тарткан займчылардын проблемаларын жөнгө салуу боюнча тиешелүү механизм иштеп чыксын;
жабыр тарткан займчылар калган оор абалды жеңилдетүү үчүн биротоло чараларды көрсүн;
проблемалары жөнгө салынбай калган жабыр тарткан займчылардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын;
көрүлгөн биротоло чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бир айлык мөөнөттө берсин.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
|