Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-апрели № 1801-V
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн
Кувейт Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну
(Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо
боюнча долбоор) (II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел
ашуусу) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 29-ноябрындагы № 743 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоор) (II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел ашуусу) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
эл аралык донорлордун каражаттарына ишке ашырылып жаткан долбоорлорго катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишке чегилүүчүлөрүнө, эл аралык ишканалар менен биргелешкен ишке чегилүүчүлөргө шарттарды түзсүн;
эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда тендерге катышканда алар эл аралык ишке чегилүүчүлөр менен бирдей баа алып калган учурларда Кыргыз Республикасынын ишке чегилүүчүлөрүнө, эл аралык ишканалар менен биргелешкен ишке чегилүүчүлөргө артыкчылык берсин;
ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бир айлык мөөнөттө берсин.
Төрага | А. Жээнбеков |