Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-январындагы № 1522-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты № 267-V
Мамлекеттештирилген Як-40 аба кемесин "Кыргызстан"
авиакомпаниясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Координациялык кеңешменин 2011-жылдын 5-мартындагы чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борт номери ЕХ 00007, заводдук номери 9530342, 1975-жылы чыгарылган Як-40 аба кемесин "Кыргызстан" авиакомпаниясынын балансына өткөрүп берүү маселесин чечүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|