Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 11-марты № 1719-IV
2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын
иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө
палатасынын төрагасы И.Т.Гайпкуловдун отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы И.Т.Гайпкуловдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы республикалык бюджеттин аудитинде табылуучу финансылык тартип бузуулар менен келтирилген жоготуулардын ордунун республикалык бюджетте толтурулушунун толуктугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын укуктарын кеңейтүүчү жана анын сунуштарын аткарууга карата талаптарды жогорулатуучу тиешелүү мыйзам актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Ч. Баекова |