Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-июну № 2190-V
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине,
Экономика тармактарын өнүктүрүу боюнча Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин комитетине, Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кенешинин комитетине тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Алтын казып алуу кенинин ишинин таасири тийген райондо жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдер менен талаптардын "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКы тарабынан сакталышын, ошондой эле жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик контролдун абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия тарабынан киргизилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 1642-V токтому менен түзүлгөн Алтын казып алуу кенинин ишинин таасири тийген райондо жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдер менен талаптардын "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКы тарабынан сакталышын, ошондой эле жүзөго ашырылып жаткан мамлекеттик контролдун абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жасалган иш жөнүндө отчету тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомунун долбоорун жогоруда көрсөтулгөн комиссиянын мүчөлөрү менен биргелешип депутаттардын, депутаттык фракциялардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна 2012-жылдын 27-июнунда киргизүү Агрардык саясат, суу ресурстары,экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине, Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине, Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине тапшырылсын.
Төрага | А. Жээнбеков
|