(КР Жогорку Кеңешинин 2012- жылдын 5- сентябры № 2264-V токтомунун редакциясынын ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-декабры № 1451-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына талапкер Ө.Т.Бабанов тарабынан сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков
|