Редакцияот 06.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 6-апрели № 1808-V

"Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япон Эл аралык

Кызматташтык Агенттигинин ортосундагы "Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт

мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдого машыгуу үчүн спорттук

жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык

макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 19-декабрындагы № 760 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япон Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдого машыгуу үчүн спорттук жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков