КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-октябры № 1119-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө"
("Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун
Конституциялык палатасы жөнүндө", "Кыргыз
Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамын
кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Н.Жапаров, Ө.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, К.К.Исаев, Д.Ө.Тербишалиев, Т.Т.Туманов, Г.А.Скрипкина, Э.Ж.Алымбеков, А.Ү.Жапаров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А. Келдибеков |