КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-октябры № 1174-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз
Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 30-июнунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлдөрү менен макулдашылган редакцияда кабыл алынсын.
Төрага | А. Келдибеков |