Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-ноябры № 1385-V
«KG» сериясындагы мамлекеттик номердик белгилер жөнүндө
«KG» сериясындагы мамлекеттик номердик белгилери тартипте келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Автотранспорттук каражаттар үчүн «KG» сериясындагы мамлекеттик номердик белгилер төмөнкү кызмат адамдарына берилет:
-Кыргыз Республикасынын Президентине;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына;
-Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана Өкмөтүнүн мүчөлөрүнө;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагаларына;
«KG» сериясындагы номердик белгилердин берилүүчү саны ушул пункта көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын санына төп келиши керек.
2. Кыргыз Песпубликасынын Ички иштер министрлиги:
-ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн адамдардан «KG» сериясындагы номердик белгилерди алсын;
-ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2011-жылдын 22-декабрына карата берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т. Мадылбеков), ошондой эле Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А. Пирматов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Келдибеков |