КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-декабры № 1410-V
Депутат А.Ш. Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Асилбек Шарипович Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.
Төраганын орун басары | Б. Төрөбаев |