Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели № 3029-V
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2012-жыл үчүн отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2012-жыл үчүн отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын отчету бекитилсин жана канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
кылмыштарды ачуу, ыкчам-издеп табуу иш чараларын жүргүзүү жана кылмыш иштерин тергөө жана 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларындагы уурдалган курал-жарактарды жана ок-дарыларды кайтаруу үчүн прокурордук көзөмөлдү камсыз кылсын;
кылмыштын атайын субъектиси катары мамлекеттик органдардын кызмат адамы болуп саналган кылмыш иштери боюнча тергөөнүн караштуулугун прокуратура органдарына таандык кылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 6-пунктун ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча чараларды кабыл алсын, мыйзам чыгаруу демилгеси укугунун субъектиси аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин жана кылмыштарды иликтөөдө тергөөнүн караштуулугун бекем сактасын;
тергөө аппараттарынын иши жөнүндө ай сайын жана квартал сайын статистикалык отчеттордун жөнөкөйлөштүргөн жол-жоболорун камсыз кылсын;
кылмыш иштери боюнча процесстик чечимдерди өз учурунда кабыл алуу, аларды тергөөнүн мөөнөттөрүн обу жок узартуу фактыларын жана тергөөнүн мөөнөтү бүткөн статистикалык карточкаларды берүүнү жокко чыгаруу боюнча кылмыш иштерине (анын ичинде өткөн жылдардагы) көзөмөлдү камсыз кылсын;
финансы министрлиги менен бирдикте укук коргоо органдары тарабынан иликтенген кылмыш иши боюнча кылмыш тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун реалдуу түрдө толтуруу боюнча чараларды кабыл алсын.
Төрага | А. Жээнбеков |