Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июну № 3221-V
"Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, А.Т.Алтыбаева, Т.З.Зулпукаров, К.Т.Туманов, Д.Д.Бекешов, О.М.Бакиров, Ж.А.Жолдошева, Б.С.Кадыров, Н.Н.Төрөбеков, А.Б.Баатырбеков, Т.Бакир уулу, Г.О.Жамгырчиева, Г.А.Скрипкина, М.Э.Сабиров жана Б.И.Сулейманов тарабынан демилгеленген "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети (К.К.Иманалиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |