Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты № 274-V
«Ош базары», «Беш-Сары», «Кыял» СРКсынын аймагынын тегерегинде түзүлгөн чатактуу кырдаал жөнүндө
"Ош базары", "Беш-Сары", "Кыял" СРКсынын аймагына жанаша жаткан Бейшеналисва, Кулиев, Киев, Пушкин, Зеленая жана Павлов көчөлөрү боюнча жайгашкан жеңилдетилген типтеги объекттердин (күркөлөр, павильондор) ээлеринин өздөрүнө тиешелүү иштеп жаткан жеңилдетилген типтеги объекттердин (күркөлөр, павильондор) монтажын бузуу, ошондой эле аларды жана көрсөтүлгөн аймакта соода жүргүзгөндөрдү башка жерге көчүрүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын аракеттеринин негиздүүлүгү жана максатка ылайыктыгы жөнүндө кайрылууларын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңеши "Ош базары", Беш-Сары", "Кыял" СРКсынын аймагына жанаша жаткан Бейшеналиева, Кулиев, Киев, Пушкин, Зеленая жана Павлов көчөлөрү боюнча жайгашкан соода объектеринин ээлерин жана ижарачыларын, ошондой эле көрсөтүлгөн аймакта соода жүргүзгөндөрдү жайгаштыруу үчүн заманбап муниципалдык соода базарын куруу үчүн каражаттарды 2011-жылга шаардык бюджетте карасын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы, автомобиль жолдорун куруунун чегинен тышкары турган объекттерди албаганда, «Ош базары», «Беш-Сары», «Кыял» СРКсынын аймагына жанаша жаткан Бейшеналиева, Кулиев, Киев, Пушкин, Зеленая жана Павлов көчөлөрү боюнча жайгашкан жеңилдетилген типтеги объекттердин (күркөлөр, павильондор) монтажын бузуу, ошондой эле аларды жана көрсөтүлгөн аймакта соода жүргүзгөндөрдү башка жерге көчүрүү боюнча ишин токтото турсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Г.А. Скрипкина) жүктөлсүн.
Төрага | А. Келдибеков |