Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 912-V
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын депутаты Т.Бакир уулу тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 346-V "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | А.Келдибеков
|