Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 917-V
Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин жана 2013-2014-жылдарга божомолунун негизги багыттарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2012-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жана 2013-2014-жылдарга божомолу кабыл алынсын (№ 1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда 2012-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жана 2013-2014-жылдарга божомолу менен аныкталган бюджеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын, ошондой эле ушул токтомго № 2 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарын эске алсын.
Төрага | А.Келдибеков
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 917-V токтомуна № 1 тиркеме
|
2012-2014-жылдарга өлкөнүн бюджеттик саясатынын негизги артыкчылыктары ал жылдарга өлкөнүн бюджетинин орто мөөнөттүү божомолунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын төмөнкү багыттар боюнча сунуштарына ылайык аныкталган:
1. Өлкөнүн экономикасын турукташтыруу максатында мамлекеттик каржыны натыйжалуу башкаруу жана жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү.
2. Фискалдык саясатты өркүндөтүү жана салык салынуучу базаны кеңейтүү.
3. Ички мүмкүнчүлүктөрдүн тең салмактуулугуна жана мамлекеттин ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жетишүү.
4. Социалдык төлөөлөрдүн тутумун реформалоо.
5. Жергиликтүү бюджеттерди жана бюджеттер аралык мамилелерди чыңдоо.
Бул Бюджеттик резолюциянын негизги артыкчылыктары жана багыттары 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин негизги параметрлерин түзүү үчүн багыт болуп кызмат кылат.
2012-2014-жылдарда төмөнкү макроэкономикалык көрсөткүчтөр камсыз кылынууга тийиш.
┌────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐
│ │ 2010 │ 2011 │2012 │ 2013 │ 2014 │
│ │ иш │божомол │божомол │божомол │божомол │
│ │жүзүндө │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Номиналдуу ИДП, млн. сом│212177,4│253177,1│287702,6│328168,5│371237,3│
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Иш жүзүндөгү ИДПнын өсүш│ -1,4│ 6,2│ 6,1│ 5,8│ 5,0│
│арымы, %дарда │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Керектөө бааларынын │ 19,2│ 15,5│ 9,3│ 8,7│ 8,2│
│индекси (инфляция │ │ │ │ │ │
│деңгээли), %дарда │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Мамлекеттик бюджеттин │ 27,0│ 30,8│ 27,2│ 26,1│ 25,3│
│жалпы кирешелери, %дарда│ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Мамлекеттик бюджеттин │ 32,1│ 39,3│ 32,2│ 30,1│ 28,3│
│учурдагы чыгымдары │ │ │ │ │ │
│(МИПсиз), %дарда │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│ИДПга карата бюджеттин │ 5,1│ 8,5│ 5,0│ 4,0│ 3,0│
│тартыштыгы, %дарда │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Болгон калктын жылдык │ 5192,8│ 5249,0│ 5306,7│ 5359,8│ 5418,8│
│орточо саны (миң адам) │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Жакырчылык (калкка │ 31,7│ 31,6│ 30,1│ 29,1│ 28,0│
│карата %да) │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Калктын ар бир адамына │ 886,0│ 997,0│ 1125,7│ 1265,7│ 1411,4│
│ИДП, АКШ долларында │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Иш менен камсыз болуу │ 2260,7│ 2305,9│ 2352,0│ 2399,0│ 2446,9│
│(миң адам) │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Калктын акчалай кирешеси│ 164,3│ 202,1│ 232,5│ 266,9│ 307,5│
│млрд. сом │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Орточо айлык эмгек акы, │ 7142,0│ 9645,0│ 11381,1│ 13293,1│ 15553,0│
│сом │ │ │ │ │ │
├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүштүн иш жүзүндөгү │ 105,8│ 112,1│ 107,2│ 107,5│ 107,6│
│арымы (%дарда) │ │ │ │ │ │
└────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө Мыйзамдын долбоорун түзүүдө эске алынууга тийиш болгон. Бюджеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын аныктайт.
Өлкөнүн экономикалык турукташтыруу үчүн натыйжалуу башкаруу жана мамлекеттик каржыны жөнгө салуу төмөнкүлөрдү караган туруктуу ченемдик укуктук база менен бекемделүүгө тийиш:
экономика жаатындагы ченемдик укуктук актыларды укуктуу интеграциялоону, унификациялоону жана шайкеш келтирүүнү;
бюджеттик механизмдердин жоболорун жана бардык деңгээлдеги жол-жоболордун баарын жөнгө салууну топтогон Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин иштеп чыгууну жана колдонууга киргизүүнү;
мамлекеттик органдардын мамлекеттик каржылоону караган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын аларды унификациялоо үчүн инвентаризация жүргүзүүнү;
өндүрүшкө жана кызматтар чөйрөсүнө чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвестицияларды салууга дем берүү менен Кыргыз Республикасында менчик укуктарын жана инвестицияларды коргоону;
улуттук мыйзамдарды экономикалык чөйрөдөгү жалпыга таанылган эл аралык укуктун принциптери менен багыттарына ылайык келтирүүнү;
2012-жылдын 1-январынан тартып салык жана бажы ставкаларын, алымдарды жана башка салыктык эмес түшүүлөрдү кошуп алганда бюджеттик параметрлердин өзгөрүшүн эске алуучу мыйзамдарды колдонууга киргизүүнү;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө тутумун оптималдаштырууну, саясий кызматтарга тиешелүү зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну;
иштеп жаткан фонддордун каражаттарын - Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Өкмөттүн, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Өнүктүрүү бюджетинин, Улуттук банктын алдындагы Банктарды кайра каржылоонун атайын фондунун жана башка ар кыл фонддордун каражаттарын топтоо менен Кыргыз Республикасынын Топтоштурулган бюджетин түзүүнү;
республиканын эки деңгээлдүү бюджетине өтүүнү;
мамлекеттик каржы ресурстарын башкарууну төмөнкү жолдор менен күчөтүүнү:
- мамлекеттик каржыны башкаруу тутумун өзгөртүү, ресурстарды өнүгүү максаттарына пайдалануу принциптерин түзүү;
- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун укуктук базасын камсыз кылуу;
- ишкердикти өнүктүрүүгө жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө дем берүү;
- мамлекеттик мүлктү жана ишканаларды натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу;
корпоративдик принциптерди жайылтуу менен мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкарууну жогорулатууну;
өз ара пайдалуу негизде менчик инвестицияларды тартуу, кредиттик ставкаларды 12 пайызга чейин төмөндөтүү менен ар бир айыл өкмөтүндөгү калкты чакан кредиттик каржылоону түзүү жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-менчик өнөктүктүн усулдарын жайылтууну;
агроөнөр жай комплекси, энергетика, турак жай курулушу сыяктуу экономиканын секторлоруна дем берүүнү күчөтүүнү;
мамлекеттик заказ усулу менен илимди каржылоону камсыз кылууну.
Фискалдык саясатты өркүндөтүү жана салык салынуучу базаны кеңейтүү туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн негизди түзүүгө багытталууга тийиш.
Бюджеттин кирешелеринин стратегиясы жана чыгашаларынын артыкчылыктары мамлекеттик каржыны башкаруу тутумун жакшыртуу үчүн фискалдык чөйрөдө реформа өткөрүүгө багытталууга тийиш.
Республиканын экономикасын турукташтыруу жана анын андан ары туруктуу өнүгүшү мамлекеттин каржылык абалы үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эске алуучу акылга сыярлык фискалдык саясат менен камсыз кылынууга тийиш, ал эми бюджеттин чыгашалары экономикалык жактан алгылыктуу болууга тийиш.
Бул максаттар үчүн төмөнкүлөрдү улантуу зарыл:
- салыктык жана бажылык администрациялоонун тутумун өркүндөтүүнү;
- ишкерлердин жана контролдоочу органдардын укуктарынын тең салмактуулугун камсыз кылууну, коррупцияны төмөндөтүүнү;
- "бир салык", "бир фискалдык орган", "бир текшерүү", "бир терезе" принциптерине өтүүнү камсыз кылуучу фискалдык саясаттагы реформаны;
- салыктык карызды 5 жылдын ичинде тындыруунун механизмин белгилеген салыктык кредитке айландыруунун тутумун киргизүүнү;
- экономиканын көмүскө секторун, атап айтканда, салыктык жана социалдык базага терс таасир көрсөтүүчү экономиканын формалдуу эмес секторун легалдаштыруу үчүн шарттарды түзүүнү;
- социалдык долбоорлор менен программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин кайра бөлүштүрүүнүн механизмин оптималдаштырууну;
- ишканалардын мамлекеттик мүлкүн натыйжалуу пайдаланууну уюштурууну.
Ички мүмкүнчүлүктөрдүн тең салмактуулугуна жана мамлекеттин ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жетишүү бюджеттин бир жолку түшүүлөрүнө жана тышкы жардамга көз карандылыгын болтурбоого тийиш, социалдык чөйрө жана өнүгүү бюджети - мамлекеттик чыгымдардын эң маанилүү артыкчылыктары. "Билим берүү" жана "Саламаттык сактоо" улуттук долбоорлорунда бул секторлорду кызматтардын сапатын жана аларды каржылоонун тутумун жакшыртуучу реформалоо боюнча чаралар чагылдырылууга тийиш.
Мамлекеттик бюджеттин киреше дараметин жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүү, ал эми карыз алуу саясатын карыздык туруктуулукка так ылайык жүзөгө ашыруу зарыл.
Республиканын болгон активдери - жер казынасы, пайдалуу кендер, суу ресурстары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар жана башкалар жөнүндө өлкөнүн толук маалыматы жок экендигин белгилей кетүү керек.
Бул жоболор төмөнкүлөрдү тездетүү менен коштолууга тийиш:
- мамлекеттин активдеринин бардык түрлөрүн инвентаризациялоо жүргүзүүнү;
- максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу менен бюджеттик мекемелердин чыгашаларын оптималдаштыруу боюнча чарларды көрүүнү;
- болгон чыгашалык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу менен бюджеттик тобокелдиктерди минималдаштырууну;
- мамлекет тарабынан сарпталган ар бир сомдун экономикалык жана социалдык натыйжасын камсыз кылууну;
- башкаруунун натыйжалуу тутумун жана анын ликвиддүүлүгүн түзүүнү;
- бүдөмүксүздүгү менен натыйжалуулугун камсыз кылуучу мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн сатып алуулардын механизмдерин өркүндөтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын чек араларын чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоону;
- өзгөчө кырдаалдарга оперативдүү жооп берүүнүн механизациялаштырган отрядын түзүүгө республикалык бюджеттин эсебинен каржы каражаттарын бөлүп берүүнү;
- шайкеш келтирүүнү жана интеграциялануусун камсыз кылуучу казыначылык тутумун, салык жана бажы кызматтарын модерндештирүүнү жана автоматташтырууну аяктоону;
- программалык бюджеттөөнүн аспаптарын иштеп чыгууну жана аны жайылтуу үчүн негиздерди түзүүнү. Бюджеттик программалар тармактык жана улуттук стратегиялар менен байланыштырылууга тийиш;
- мамлекеттик аппаратты күтүүгө чыгымдарды ургаалдуу кыскартууну;
- мамлекеттик бюджеттик тутумду заманбап банктык технологияларга которууну;
- бюджеттик чыгашалардын бүдөмүксүздүгүн камсыз кылууну;
- мамлекеттик карызды тейлөө саясатын, карыздык саясатты жана аны ишке ашырууну аныктоонун жаңы технологияларын иштеп чыгууну жана жайылтууну оптималдаштырууну.
Социалдык төлөөлөрдүн тутумун реформалоо социалдык чөйрөнүн өнүгүшүнө натыйжалуу таасир тийгизүүгө жана мамлекеттик каржылардын олуттуу бөлүгүн алууга тийиш.
Кызматтардын сапатын жогорулатуунун шарты социалдык милдеттенмелери толук көлөмдө аткаруу болуп саналат. Берилүүчү каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну кескин жогорулатуу максатында төмөнкүлөр зарыл:
- саламаттык сактоонун чыгымдарынын бюджеттик ассигнованиелерин ИДПнын көлөмүнүн 6 пайызына чейин жеткирүү;
- узак мөөнөттүү келечекте аларды белгиленген жашоо минимумуна чейин жеткирип, республиканын жарандарын татыктуу пенсия менен камсыз кылуу үчүн пенсиялык топтомдорду натыйжалуу башкарууну камсыз кылуучу туруктуу пенсиялык тутумду түзүү;
- эмгек рыногундагы иш жүзүндөгү суроо-талапка ылайык кайра окутууга кызыктыруу жолу менен жарандарды колдоо тутумун киргизип, эмгекке жөндөмдүү калкты өлкөнүн экономикасына тартуу үчүн жумуш орундарын түзүүнү көбөйтүү;
- үй-бүлөнүн муктаждыктарына багыт алган социалдык чөйрөдө өткөрүүнү камсыз кылуу;
- республиканын бардык мектептери үчүн кыргыз элинин тарыхы боюнча китепти (12 томдук) сатып алууга зарыл каражаттарды бөлүп берүү;
- мамлекеттин, жеке сектордун жана кызмат алуучулардын жоопкерчиликтеринин чөйрөлөрүн бөлүштүрүү.
Жергиликтүү бюджеттерди жана бюджеттер аралык мамилелерди чыңдоо төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- мамлекеттик эң төмөнкү стандарттарды жайылтууну жана жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрүнө чыныгы баа берүүнү эске алуу менен бюджеттер аралык трансферттердин тутумун өркүндөтүүнү;
- аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн пландары жана жергиликтүү жамааттарды кеңири тартуу менен байланыштырып орто мөөнөттүү божомолдоого өтүүнү;
- мультипликативдүү натыйжасы бар долбоорлорду мамлекет тарабынан каржылоо аркылуу жогорку экономикалык дарамети бар "өсүү чекиттерин" түзүүнү;
- катуу үнөмдөө режимин;
- бюджеттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга кызыктыруучу механизмди иштеп чыгууну.
Бул максаттарды аткаруу жана бюджеттик процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы талдоо ишин мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу бөлүгүндө жүзөгө ашыруу гана эмес, жумшалган каражаттардын натыйжалуулугунун аудитин күчөтүү үчүн да жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү жолу менен өз ишин активдештирүүгө тийиш.
Натыйжалуу менеджмент үчүн мамлекеттик органдар ички аудитти активдүү жүргүзүүгө тийиш. Бюджеттик каражаттардын натыйжалуу чыгымдалышы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын отчеттуулугунун тутумун киргизүү зарыл.
Республикалык жана бардык деңгээлдердеги жергиликтүү бюджеттер өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктүн жана калктын иш менен камсыз болуусун колдоонун дем берүүчү фактору болуп калууга тийиш.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 917-V токтомуна № 2 тиркеме
|
┌──┬───────────────────────────────────────────────┬──────────────────┐
│№№│ Сунуштар │ Комитеттердин │
│ │ │ аталышы │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│1 │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: │Коргоо жана │
│ │Төмөнкүлөр үчүн Коргоо министрлигин, │коопсуздук боюнча │
│ │Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин, Чек │комитет │
│ │ара аскерлерин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин,│ │
│ │Финансы чалгындоо кызматын каржылоону тездетүү:│ │
│ │- кызматтык-күжүрмөн ишти камсыз кылуу жана │ │
│ │көйгөйлүү социалдык проблемаларды чечүү, анын │ │
│ │ичинде аскер кызматчыларын кызматтык турак жай │ │
│ │менен камсыз кылуу; │ │
│ │- аскерлердин жашоо-турмушун камсыз кылуу жана │ │
│ │Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун │ │
│ │камсыз кылуунун планы боюнча │ │
│ │материалдык-техникалык запастарды түзүү; │ │
│ │- Чек ара аскерлеринин чек ара заставаларынын │ │
│ │жаңы объекттерин курууну жана иштеп │ │
│ │жаткандардын инфраструктурасын каржылоо │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│2 │2012-жылга республикалык бюджетти түзүүдө │Конституциялык │
│ │каржылоонун артыкчылыктуу маселелери катары │мыйзамдар, │
│ │төмөнкүлөр эске алынсын: │мамлекеттик │
│ │- мамлекеттик кызматчыларга арналган турак │түзүлүш, │
│ │үйлөрдү узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүү │мыйзамдуулук жана │
│ │боюнча кол жеткидей пайыздык ставкалар боюнча │жергиликтүү өз │
│ │куруу; │алдынча башкаруу │
│ │- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди │боюнча комитет │
│ │окутуп-үйрөтүү │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│3 │- Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында, │Эл аралык иштер │
│ │Россия Федерациясынын Хабаровск жана Оренбург │жана парламенттер │
│ │шаарларында жана Италияда Кыргыз │аралык кызматташуу│
│ │Республикасынын консулдуктарын уюштурууну │боюнча комитет │
│ │каржылоону карасын; │ │
│ │- Египетте жана Азербайжанда элчиликтерди │ │
│ │ачуунун максатка ылайыктуулугун талдоо │ │
│ │жүргүзсүн │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│4 │Республикалык бюджетте төмөнкүлөрдү карасын: │Бюджет жана │
│ │- ар бир айыл өкмөтүндө чакан кредиттик │финансы боюнча │
│ │мекемелерди түзүү үчүн 1,0 млрд. сом; │комитет │
│ │- кредиттик бирликтерге кредиттик ставкаларды │ │
│ │12 пайызга чейин төмөндөтүү үчүн багытталган │ │
│ │2,0 млрд. сом; │ │
│ │- 2005 жана 2010-жылдардын март, апрель, жана │ │
│ │июнь окуяларынын убагында жабыр тарткандарга, │ │
│ │ошондой эле республиканын бийик тоолуу, алыскы │ │
│ │райондорунда жашагандарга жеңилдетилген │ │
│ │шарттарда берилген кредиттик каражаттарды │ │
│ │кайтарып алууну толуктоо үчүн 500,0 млн. сом │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│5 │- мамлекеттик бюджетке дивиденддердин │Транспорт, │
│ │түшүүлөрүн көбөйтүү үчүн акцияларынын │коммуникациялар, │
│ │мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор │архитектура жана │
│ │тарабынан алынган кирешенин бүдөмүксүздүгүнө │курулуш боюнча │
│ │жана аныктыгына жетишсин; │комитет │
│ │- узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды │ │
│ │чыгаруунун, ошондой эле мамлекеттик казыначылык│ │
│ │векселдерди жана мамлекеттик казыналык │ │
│ │милдеттенмелерди сатуудан түшкөн каражаттардын │ │
│ │эсебинен мамлекеттик бюджетке каражаттардын │ │
│ │түшүүсүн көбөйтсүн; │ │
│ │- республиканын чек арага жамаатташ жаткан │ │
│ │райондорунда өлкөнүн транспорттук көз │ │
│ │карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча │ │
│ │иш-чараларды улантсын; │ │
│ │- республикалык бюджеттен ички капиталдык │ │
│ │салымдар боюнча жыл сайын бөлүнүп берилүүчү │ │
│ │каражаттардын 50 пайызын коңшу мамлекеттердин │ │
│ │чек арага жамаатташ жаткан аймактары менен │ │
│ │анклавдарын кыйгап өтүүчү айланма жолдорду │ │
│ │курууга багыттасын; │ │
│ │- жол тармагын каржылоону алдыдагы жылдарда │ │
│ │республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 3 │ │
│ │пайызына чейин жеткирсин; │ │
│ │- республикалык бюджеттен капиталдык курулушка │ │
│ │каражаттарды бөлүп берүүнү көбөйтсүн жана 1,0 │ │
│ │млрд. сомго чейин жеткирсин, программалык │ │
│ │багыттарды каржылоого карата мурда кабыл │ │
│ │алынган ченемдик укуктук актыларга негизденүү │ │
│ │менен көрсөтүлгөн каражаттарды жакшылап │ │
│ │"чачууну" карасын; │ │
│ │төмөнкүлөр үчүн байланыштын заманбап │ │
│ │телекоммуникациялык технологияларын жана │ │
│ │оптикалык булаларды кеңири жайылтуунун │ │
│ │базасына коммуникациялардын натыйжалуулугун │ │
│ │жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн: │ │
│ │- маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын │ │
│ │башкаруу тутумун жана укуктук базасын │ │
│ │өркүндөтүү; │ │
│ │- электрондук өкмөттү өркүндөтүү жана │ │
│ │башкаруунун электрондук методдорун жайылтуу; │ │
│ │- мамлекеттик маалыматтык тутумдар менен │ │
│ │ресурстарга жетүүнү камсыз кылуу; │ │
│ │- маалыматташтыруунун инфраструктурасын жана │ │
│ │маалыматташтыруу тутумдары менен ресурстарын │ │
│ │өнүктүрүү; │ │
│ │- маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│6 │Дене тарбиясы жана спорт 2012-жылы │Жаштар саясаты, │
│ │артыкчылыктуу багыт болуп саналууга тийиш, бул │дене тарбиясын │
│ │үчүн: │жана спортту │
│ │- 2007-жылдын 5-октябрындагы № 447 "Ош шаарында│өнүктүрүү боюнча │
│ │спорттук жатак мектепти түзүү жөнүндө" Кыргыз │комитет │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун │ │
│ │аткарылышын дене тарбиялык даярдыктын │ │
│ │балдардын-уландардын клубунун аймагына │ │
│ │тийбестен камсыз кылсын; │ │
│ │- Дене тарбиясын жана спортту башкаруунун │ │
│ │республикалык мамлекеттик органынын ишин толук │ │
│ │каржылоо боюнча чараларды көрсүн; │ │
│ │- гранттык жана донордук негизде алынган алып │ │
│ │келинүүчү спорттук жабдуулар, шаймандар менен │ │
│ │спорттук медицина үчүн медицина техникасын │ │
│ │салык салуудан бошотсун. │ │
│ │Жаштар саясатында: │ │
│ │- жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылууну │ │
│ │көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн; │ │
│ │- жаштардын демилгеси өзүнүн корголгондугун │ │
│ │сезген шарттарды түзсүн; │ │
│ │- кредиттик программалар, жамааттарды өнүктүрүү│ │
│ │программалары, жаштардын ишкердигин өнүктүрүү │ │
│ │аркылуу эмгек рыногунда жаштардын иш менен │ │
│ │камсыз болуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтсин;│ │
│ │"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери │ │
│ │жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын │ │
│ │11-беренесинин 2-пунктуна ылайык төмөнкүлөрдү │ │
│ │кароо менен мамлекеттик жаштар саясаты жаатында│ │
│ │мамлекеттик программаны иштеп чыксын жана │ │
│ │Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизсин: │ │
│ │- айылдык жаштардын жармач бөлүгү үчүн │ │
│ │республиканын жогорку окуу жайларына кирүүдө │ │
│ │бюджеттик орундардын санын көбөйтсүн; │ │
│ │- мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу │ │
│ │боюнча программаны жана жаштардын иш менен │ │
│ │камсыз болуусун өнүктүрүүгө багытталган, │ │
│ │региондордо жаштардын ишкердигин колдоону жана │ │
│ │ага дем берүүнү караган Комплекстүү максаттуу │ │
│ │программаны ишке ашырууну жүзөгө ашырсын; │ │
│ │- пайыздык ставкалары төмөн кредиттик │ │
│ │портфелдерди көбөйтүү, кредит алуу үчүн │ │
│ │күрөөлүк босогону жана документтердин │ │
│ │жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнүн жолу менен │ │
│ │жумушсуз жаштар үчүн чакан кредиттөөнүн тутумун│ │
│ │ишке ашырсын; │ │
│ │- жаштардын ишкердик иши калыптанганга чейин │ │
│ │салык жүгүн төмөндөтүүнүн маселелерин карасын │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│7 │Төмөнкүлөрдү карасын: │Жер-агрардык │
│ │- чегиртке зыянкечтери менен күрөшүү боюнча │маселелер, суу │
│ │иш-чараларды каржылоо үчүн 15 млн. сом; │ресурстары, │
│ │- эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүү үчүн │экология жана │
│ │Мамлекеттик ветеринария департаментине кошумча │региондук өнүгүү │
│ │25 млн. сом; │боюнча комитет │
│ │- Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу │ │
│ │Селден коргоо башкармалыгына жээкти бекемдөө │ │
│ │жумуштарын жүргүзүү үчүн 70 млн. сом │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│8 │Жер казынасын пайдалангандык үчүн салыктарды │Депутат │
│ │тиешелүү жергиликтүү бюджетке бөлүштүрүү жана │А.Ү.Жапаров │
│ │анын укуктук базасын иштеп чыгуу жөнүндө │ │
│ │маселени карасын │ │
├──┼───────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│9 │Республикалык бюджетте төмөнкүлөрдү каржылоону │Депутат │
│ │карасын: │Т.Т.Мамытов │
│ │Майлуу-Суу шаары боюнча: │ │
│ │- 2010-жылда узундугу 5,2 км борбордук │ │
│ │көчөлөрүнө жапырт асфальт төшөө жумуштарынын │ │
│ │көлөмүн аткаруу үчүн 15 млн. сом (4 млн. сом │ │
│ │шаардык бюджеттен каржыланган); │ │
│ │- 2011-жылда алдыда турган сметалык наркы 4 │ │
│ │млн. сом узундугу 1 км борбордук көчөлөрүн │ │
│ │жапырт асфальттоо жумуштарынын көлөмүнө 4 │ │
│ │млн. сом; │ │
│ │- сметалык наркы 2,5 млн. сом шаардык │ │
│ │стадионду реконструкциялоону; │ │
│ │Ноокен району боюнча төмөнкүлөрдүн │ │
│ │курулуш-монтаждоо жумуштарын аяктоо үчүн: │ │
│ │- Мамаев атындагы № 36 мектепке 17 млн. сом; │ │
│ │- Достук айыл өкмөтүнүн Т.Анаркулов атындагы │ │
│ │мектебине 26,0 млн. сом; │ │
│ │- Достук айыл өкмөтүнүн Токтогул атындагы № 40 │ │
│ │мектебине 31,0 млн. сом; │ │
│ │- Шайдан айыл өкмөтүнүн Дамашев атындагы № 30 │ │
│ │мектебинин башталгыч класстары үчүн 180 │ │
│ │окуучулук имаратты; │ │
│ │төмөнкүлөрдү курууга: │ │
│ │- Кочкор-Ата шаарында "Келечек" жаңы конушунда │ │
│ │240 окуучулук мектепти жана 120 орундук балдар │ │
│ │бакчасын; │ │
│ │- Масы айыл өкмөтүндө Спорт сарайына 53 │ │
│ │млн. сом; │ │
│ │- Ноокен айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн чатырын│ │
│ │жабууга 1,5 млн. сом; │ │
│ │- Бүргөндү айыл өкмөтүндө 25 орундук жаңы │ │
│ │ооруканага жана узундугу 3 км Бүргөндү-Ноокен │ │
│ │автомобиль жолун ремонттоого; │ │
│ │- Кара-Үңкүр өзөнүндө узундугу 1 км │ │
│ │"Арал-Мазар" дамбасын бекемдөөгө; │ │
│ │төмөнкүлөрдү ремонттоого: │ │
│ │- Шайдан айыл өкмөтүндөгү узундугу 18 км │ │
│ │Масы-Тоскоол автомобиль жолуна 44 млн. сом: │ │
│ │- "Таза суу" долбоорун колдоо боюнча Ноокен │ │
│ │районунда калк тарабынан төмөнкү суммалардан │ │
│ │депозиттин 5 пайызы чогултулган: │ │
│ │- Шайдан айыл өкмөтү боюнча 13 млн. 228,0 миң │ │
│ │сом; │ │
│ │- Масы айыл өкмөтү боюнча 27 млн. 285,0 миң │ │
│ │сом; │ │
│ │- Бүргөндү айыл өкмөтү боюнча 21 млн. 285,0 миң│ │
│ │сом; │ │
│ │- Кочкор-Ата шаары боюнча 27 млн. 550,0 миң │ │
│ │сом. │ │
└──┴───────────────────────────────────────────────┴──────────────────┘