Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 27-февралындагы № 3859-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 22-январы № 3773-V

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш–жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А. Сасыкбаева, Ө.Ч. Текебаев, Т. Мадылбеков жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 20-февралындагы № 109 токтому) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш–жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окууда кабыл алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С. Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.    

 

 

Төрага

А.Жээнбеков