Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-январы № 3766-V
Кыргыз Республикасындагы паралимпиадалык спорттун абалы жана көйгөйлөрү жөнүндө
Кыргьз Республикасындагы паралимпиадалык спорттун абалы жана көйгөйлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору М.Н. Саралиновдун маалыматын угуп жана карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши төмөндөгүлөрдү белгилейт:
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасындагы паралимпиадалык кыймыл майыптардын ортосундагы эл аралык спорттук кыймылдын курамдык бөлүгү болуп саналат. Паралимпиадалык оюндарга, дүйнөлүк чемпионаттарга жана башка эл аралык спорттук мелдештерге мыкты майып спортчулардын катышуусу инсандын дене түзүлүшүн жана руханий мүмкүнчүлүгүн ачууга, майыптарды жашоонун сергек мүнөзүнө тартууга багытталган.
Кыргыз Республикасындагы эл аралык паралимпиадалык комитет Кыргыз Республикасынын майыптар спортунун федерациясынын атынан чыгат.
1971-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынаи кабыл алынган "Майыптардын укуктары жөнүндө декларацияда" "майып" деген түшүнүккө "дене түэүлүшү же акыл жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендигине жараша нормалдуу жеке же социалдык турмуштун талаптарын толук же айрым түрдө өз алдынча камсыз кыла албаган бардык адамдар" кире тургандыгы баяндалган. Ушул эле документте ден соолугу чың жарандар ээ болгон негизги укуктардын майыптарга да таандык экендиги тууралуу жарыяланган.
Майыптарды социалдык жактан "толуктоону" калыбына келтирүү көйгөйү экономикалык, социалдык, психологиялык жана демографиялык чоң мааниге ээ. Байыртадан бери эле активдүү кыймыл-аракет майыптарды реабилитациялоонун негизги факторлорунун бири болуп саналат деп эсептеп келишкен.
Азыркы күндө Кыргыз Республикасында дүлөйлөрдүн ортосунда футбол, футзал, грек-рим күрешү, эркин күрөш, дзюдо, стол тенниси, сууда сүзүү, ок атуу, армрестлинг, пауэрлифтинг жана баскетбол, көзү көрбөгөн майыптардын ортосунда шахмат жана шашки ойнолуп келет. 2013-жылга негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планына ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары -ДМЧА) үчүн 16 спорттук-массалык иш чаралар каралган, алардын ичинен спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын 11 чемпионаты, 3 мелдеш, 1 эл аралык турнир бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын спортчуларынын футзал боюнча Азиянын чемпионатына катышуусу кирген. Атайын олимпиаданын программасы боюнча 3 спорттук - массалык иш чара каралган, алардын ичинде 2 республикалык мелдеш жана 1 эл аралык мелдеш бар. Бирок, жогоруда аталган спорттун түрлерү каржылоонун жетишсиздигинен, атайын спорттук базалардын жоктугунан улам айрымдары жетишсиз түрдө өнүгүүдө. Кыргыз Республикасында майып спортчулардын саны 1000ге жакын адамды түзөт, бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгеп адамдарды дене тарбия жана спорт менен алектенүүгө тартуунун төмөн экендигин көрсөтуп турат. Ошондой эле, алардын көпчүлүк бөлүгү дене тарбиялык жактан даярдоого тартылган эмес. ДМЧА менен окуу-көнүгүү процесстерин өткөрүү үчүн квалификациялуу кадрлардын иш жүзүндө толук турде жоктугун, спорттук жабдуулардын жок болуп жатышын өзгөчө белгилөө зарыл. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында ДМЧА менен иштөө үчүн машыктыргычтарды даярдоо боюнча кадрлар даярдалбайт, балдар-уландардын спорттук мектебинин тармактарында иш жүзүндө адистештирилген топтор жок.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы дээрлик бардык дене тарбия жана спорт объектилери ДМЧА үчүн жабдылган эмес. Пандустар, инфратүзүмдөр жокко эсе, майыптар спорт залдарына караманча кире алышпай жатышат.
Россияда 15 жылдан бери паралимпиадалык кыймыл иштеп келет, паралимпиадалык комитет жана Россиянын майыптарынын дене тарбия жана спорт федерациясы бар.
Азыркы учурда Россиядагы майыптардын ортосунда спортту өнүктүрүүдө мамлекеттин ролу өсүп жаткандыгы байкалууда. Бул биринчи кезекте, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында спортту мамлекеттик колдоодон; майып спортчуларды даярдоонун системасын каржылоодон; майыптарды спорт жаатында, атап айтканда спортчуларды, машыктыргычтарды, адистерди социалдык коргоо жаатьнда социалдык саясатты түзүүдөн көрүнүүдө.
Россия үчүн майып спортчулардын статусун ден соолугу чың спортчулардын статусуна, паралимпиадачылардын статусун олимпиадачылардын статусуна теңештирүү жөнүндөгү маселени чечүү артыкчылыктуу болуп саналат.
Россия Федерациясында майыптар үчүн адистештирилген өспүрүмдөр мектеби уюштурулган, ал жерде спорттун айрым түрлөрү: Москвада - жеңил атлетика жана сууда сүзүү, Санкт-Петербургда - стол тенниси, Саратовдо -сууда сүзүү өнүккөн. Спорттун ушул жана башка түрлөрү боюнча өлкөнүн чемпионаттары өтүп турат.
Майыптардын спортуна Россиянын Олимпиадалык комитети, "Профспорт" эл аралык жана россиялык спорттук уюмдардын конференциясы олуттуу колдоо көрсөтүшөт. Россия Федерациясында майыптар спорттун 30тан ашык түрү менен машыгышууда.
Майыптардын арасында дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү маселесине Казакстан Республикасынын Спорт жана дене тарбия иштери боюнча агенттиги чоң көңүл бурат. Ал өлкөнүн чемпионаттарын, республикалык спартакиаларды, майыптардын бардык категорияларынын арасында паралимпиадалык оюндарды өткөрүү боюнча финансылык колдоо көрсөтүп келе жатат. Ошондой эле майыптардын спорту боюнча эл аралык мелдештерде Казакстандын курама командасынын катышуусуна көмөк (каржылоо, делегациялардын кийим-кечеси) көрсөтүлөт. Казакстанда майыптардын бардык категориясынын арасында спорттун түрлөрү боюнча өлкөнүн 40тан ашык чемпионаттары, 4 жылда бир жолу республикалык спартакиада жана майып-спортчулардын паралимпиадалык оюндары жыл сайын өткөрүлүп турат. 2003-жылы өлкөнүн спорттук уюмдарынын координациялык органы болуп саналган Казакстандын Паралимпиадалык комитети түзүлгөн жана ал эл аралык аренада Казакстандын майып спортчуларынын кызыкчылыктарын көздөйт. Казакстанда акыркы жылдары дене тарбия жана спорт менен дайыма машыккан майыптардын санынын тезинен өсүшү байкалат. Мисалы, бул көрсөткүч 2009-жылы 12 миңден 2011-жылы 15 миң 505 адамга өскөн.
KМШгa катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын отуз биринчи пленардык жыйналышында кабыл алынган (2008-жылдын 25-ноябрындагы № 31-13 токтом) паралимпиадалык спорт жөнүндө моделдүү мыйзам паралимпиадалык спорт жаатындагы иштердин жалпы укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин белгилөө, ошондой эле Көз карандысыз мамлекеттердин кыэматташтыгына катышкан мамлекеттер тарабынан жүзөгө ашырылган паралимпиадалык спорт жөнүндө мыйзамдын негизги принциптерин аныктоо максатын көздөйт. Аны колдонуу чөйрөсү мамлекет, муниципалдык билим берүү, коомдук бирикмелер, жеке жактар жана башка укук субьектилеринин ортосунда паралимпиадалык спорт жаатында келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат.
"Дене тарбиясы жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык майыптарды реабилитациялоо тутумунда дене тарбия жана спорт менен машыгууларды уюштуруу (дене түзүлүшү өнүкпөй калган балдарды кошуп алганда), адистерди кесиптик даярдоо, усулдук жана медициналык камсыздоо жана дарыгерлердин көзөмөлү билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо мекемелери, дене тарбия жана спорт уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
Дене тарбиясы жана спортту башкаруунун республикалык мамлекеттик органы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдары майыптардын ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен бирдикте майыптардын жашаган жерлери боюнча, адистешкен мекемелеринде жана уюмдарында майыптардын арасында спорт - ден соолукту чыңдоо иштеринин программаларын иштеп чыгып жана ишке ашырууда.
Мамлекет дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ыңгайлуу шарттарды камсыз кылып жатат.
Бирок Кыргыз Республикасында паралимпиадалык кыймылды өнүктүрүүнү анализдөө жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамынын толук аткарылбай жаткандыгын көрсөтөт. Бирок буга карабастан биздин спортчулар эл аралык спорттук аренада медалдарды жеңип алышууда. Мисалы, Арам Акопян (кулагы укпаган майыптардын арасында грек-рим күрөшү) 2010-жылы Дүйнөлүк чемпионатта жана 2009-жылы Сурдлимпиадалык оюндарда коло медалдарды жеңип алган. Денис Онищенко (сууда сүзүү), Каналбек улуу Илыис (дзюдо), Бейшенкулов Максат (дзюдо) дүлөйлөрдүн арасында өткөрүлгөн VII Азия оюндарында коло медалдарды жеңип алышкан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтары боюнча бүгүнкү күндө төмөндөгүлөр аккредитациядан өтүшкөн:
"Дүлөйлөрдүн кыргыз коому" коомдук бирикмеси, "Дүлөйлөрдүн спорттук кыймылын уюштуруу" коомдук бирикмеси жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук Паралимпиадалык Федерациясынын" коомдук бирикмеси. Азыркы мезгилде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 7 гана спортчу мамлекеттик стипендия алышат, эң жогорку стипендия 25,0 миң сомду, эң азы 3,0 миң сомду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын паралимпиадалык кыймылынын жетиштүү чагылдырылбагандыгын белгилейт. 11 жана 19-беренелерде аныктамалар гана берилген, бирок республикада паралимпиадалык кыймылга колдоо көрсөтүүнүн так механизмдери жок.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору М.Н. Саралиновдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Кыргыз Республикасында паралимпиадалык кыймылды өнүктүрүү жаатында "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кыйшаюусуз аткарсын;
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каржылоону жана офистик орун-жай жана спорт залы менен камсыз кылуу маселелерин чечсин;
2014-жылы Сочи шаарында өтө турган кышкы Паралимпиадалык оюндарга карата даярдыктарды өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги:
Кыргыз Республикасында паралимпиадалык спорт жөнүндө Мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыксын;
Кыргыз Республикасында паралимпиадалык кыймыл жаатында "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизсин;
2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизинде дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү боюнча Максаттуу программаны иштеп чыгууда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спортту өнүктүрүү боюнча главаны киргизүүнү карасын;
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жыл сайын республикалык спартакиада өткөрүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги:
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жашоо шарттарын жана спорт менен машыгууларды жакшыртуу үчүн тиешелүү мыйзамдарга жана ченемдик документтерге түзөтүүлөр жөнүндө сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
колдонулуп жаткан балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин, олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин, олимпиадалык резервдин республикалык адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин, дене тарбиясына даярдоонун балдар-өспүрүмдөр клубдарынын жана дене тарбиясынын жана спорттун башка мекемелеринин жана уюмдарынын базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бөлүмдөрдү ачсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
эмгекке акы төлөөнү, спорт жабдууларын, инвентарларды сатып алууну жана башка чыгымдарды эске алуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жогоруда көрсөтүлгөн бөлүмдөрдү ачууга Кыргыз Республикасында паралимпиадалык кыймылды каржылоо жаатында «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү түзөтүүлөр тууралуу сунуш киргизсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К. Осмоналиев) жүктөлсүн.
Торага | А. Жээнбеков |