Редакцияот 10.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 10-марты № 239-V

 

2009-жылдын 24-сентябрындагы № 1396-V

"Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын

Президентинин каршы пикирлери тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө

 

2009-жылдын 24-сентябрындагы № 1396-IV "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри У.А.Ташбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2009-жылдын 24-сентябрындагы № 1396-IV "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри У.А.Ташбаевдин маалыматы эске алынсын.

2. Ишке тиешеси бар бардык тараптарды тартуу менен "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрагасы

А.Келдибеков