Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-январы № 3776-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
( Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине)
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндо
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Б. Жумалиева, К.Т. Туманов, А.А. Сасыкбаева, У.А. Аманбаева, Г.О. Жамгырчиева, Ы.К. Кадыралиева, Т.В. Левина жана М.Б. Тиленчиева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Д.А. Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |