Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-январы № 3764-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык
жоопкерчилик жөнүндө кодексине , "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө",
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө",
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи
окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Ж. Рыспаев, З.И. Бекбоев жана К.К. Иманалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө", "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2.Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата ездөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен бирге 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети (К. Осмоналиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков
|