Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-январы № 3774-V
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
(«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык
жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д. Бекешев жана Ш. Айтматова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» ( «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С. Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков
|