Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 11-январы № 55-IV
2007-жылдын 26-декабрында жана 2008-жылдын
1-январында Ош, Жалалабат жана Баткен областтарында
болгон жер титирөөнүн натыйжасында жабыр тарткан
калкка жардам көрсөтүү жөнүндө
2007-жылдын 26-декабрында жана 2008-жылдын 1-январында Ош, Жалалабат жана Баткен областтарында болгон жер титирөөнүн натыйжасында түзүлгөн кырдаалды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бир жумалык кызматтык маянасынын, ошондой эле техникалык кызматкерлерди албаганда, Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Иш башкармасынын кызматкерлеринин бир күндүк кызматтык маянасынын өлчөмүндөгү каражаттар жер титирөөнүн натыйжасында жабыр тарткан калкка материалдык жардам көрсөтүү үчүн багытталсын.
2. Жер титирөөнүн натыйжасында жабыр тарткандарга даректүү жардам көрсөтүү максатында жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды бөлүштүрүүнүн түрүн аныктоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана фракцияларынын жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Турак жай фондун милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жерагрардык маселелер жана экология боюнча комитетине (Ж.А.Жээнбеков) жүктөлсүн.
Төрага | А.Мадумаров |