Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 11-январы № 57-IV
"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2006-жылдын 8-сентябрындагы № 640 токтом) "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитети (Н.И.Байло) менен Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети (А.А.Шадиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
| А.Мадумаров |