Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 17-январы № 69-IV
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн
маселелерин чечүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2006-жылдын 27-декабрындагы № 883 токтому) "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети (А.М.Салымбеков) менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети (З.К.Курманов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
| А.Мадумаров |