Редакцияот 17.01.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 17-январы № 73-IV

 

Турак жайды ижарага алгандык үчүн акы төлөөнүн

жана турак жайды жалдоо боюнча келишимди

жол-жоболоштуруунун шарттары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында турак жай аянты жок, башка жактардан келген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына турак жайды жалдоо боюнча акы Турак жайды ижарага алгандык үчүн акы төлөөнүн жана турак жайды жалдоо боюнча келишимди жол-жоболоштуруунун шарттары жөнүндө жобого ылайык Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитеттин чечимине жараша суткасына 600 сомдон ашпаган өлчөмдө белгиленсин.

2. Турак жайды ижарага алгандык үчүн акы төлөөнүн жана турак жайды жалдоо боюнча келишимди жол-жоболоштуруунун шарттары жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы турак жайды ижарага алгандык үчүн акы төлөөнү келишим түзүлгөн күндөн жана ал мыйзамдар менен белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган күндөн тартып жүзөгө ашырсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.А.Турсунбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Мадумаров