Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-январы № 77-IV
"Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин
өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтиргендик үчүн жалдоочунун
(иш берүүчүнүн) жарандык жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2006-жылдын 19-декабрындагы № 875 токтому) "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтиргендик үчүн жалдоочунун (иш берүүчүнүн) жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 2008-жылдын февралынын башталышында киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитети (Н.И.Байло) менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетине (З.К.Курманов) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Ч. Баекова
|