Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-январы № 78-IV
"Бишкек шаарында 1999-жылдын 4-декабрында кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн
ортосундагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрүнүн шарттары
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 15-январындагы № 13 токтому) "Бишкек шаарында 1999-жылдын 4-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрүнүн шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Ч. Баекова |