Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-январы № 79-IV
"Москва шаарында 2004-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн
ортосундагы 1995-жылдын 18-июлундагы Көчүп келүү процессин
жөнгө салуу жана көчүп келгендердин укуктарын коргоо жөнүндө
макулдашуунун колдонулуш мөөнөтүн узартуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 5-сентябрындагы № 390 токтому) "Москва шаарында 2004-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1995-жылдын 18-июлундагы Көчүп келүү процессин жөнгө салуу жана көчүп келгендердин укуктарын коргоо жөнүндө макулдашуунун колдонулуш мөөнөтүн узартуу тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Ч. Баекова |