КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-январы № 84-IV
"Кыргыз ССРинин Турак жай кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралу
"Кыргыз ССРинин Турак жай кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2006-жылдын 21-ноябрында кабыл алынган "Кыргыз ССРинин Турак жай кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын жаңы Турак жай кодексинин долбоорун 2008-жылдын 1-мартынан кечиктирбестен киргизүү сунуш кылынсын.
Төраганын орун басары | Ч. Баекова |