Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 22-январы № 88-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
комитеттерине тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Республикадагы жер титирөөнүн жана башка табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы тууралу маселени кароо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 25-январындагы жыйналышына бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетине (Ж.А.Жээнбеков), Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев), Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине (А.М.Салымбеков), Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетине (Н.И.Байло) жана Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетине (И.Ш.Өмүркулов) тапшырылсын.
Төрага | А. Мадумаров
|