Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24-январы № 99-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын
күн тартибине кошумча маселелер киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибине төмөнкү маселелер кошумча киргизилсин:
"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу";
"Бишкек шаарында 2006-жылдын 20-мартында кол коюлган "Индо-Кыргыз маалымат технология борборун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өзара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга өзгөртүү киргизүү тууралу Бишкек шаарында 2007-жылдын 19-июнунда кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу";
"Бишкек шаарында 2006-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык төлөөдөн качуу жана киреше салыгына салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө".
Төрага | А. Мадумаров
|