Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 25-январы № 103-IV
2007-жылдын 26-декабрында жана 2008-жылдын 1-январында
Ош шаарында, Ош, Жалалабат жана Баткен областтарында
болгон жер титирөөнүн, Ысыккөл областынын Тоң районундагы
2007-жылдын 24 жана 25-декабрындагы катуу шамалдын
кесепеттерин жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, ошондой эле
2007-жылдын 27-апрелиндеги № 1840-III "2006-2007-жылдарда
табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан
республиканын региондорундагы калкка жардам көрсөтүү боюнча
көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн маалыматы тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин 2007-жылдын 11-июнундагы № 206-III жана 2007-жылдын
24-сентябрындагы № 227-III протоколдук тапшырмаларынын
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө
2007-жылдын 26-декабрында жана 2008-жылдын 1-январында Ош шаарында, Ош, Жалалабат жана Баткен областтарында болгон жер титирөөнүн, Ысыккөл областынын Тоң районундагы 2007-жылдын 24 жана 25-декабрындагы катуу шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, ошондой эле 2007-жылдын 27-апрелиндеги № 1840-III "2006-2007-жылдарда табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан республиканын региондорундагы калкка жардам көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 11-июнундагы № 206-III жана 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 227-III протоколдук тапшырмаларынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри И.Р.Айдаралиевдин жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри К.К.Ташиевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри И.Р.Айдаралиевдин жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри К.К.Ташиевдин бул маселе боюнча маалыматтары эске алынсын.
2. 2006-2008-жылдарда табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан республиканын региондорундагы калкка жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши канааттандырарлык деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- Юридикалык жана жеке жактар тарабынан курулуп жаткан объекттерди (имараттарды, турак үйлөрдү, башка курулмаларды) контролдоо боюнча аракеттердин программасын ал жер үчүн жер титирөөгө ылайыктуулукка иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берүү;
- бардык ведомстволордон жана бийликтин жергиликтүү органдарынан Табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу, калкты кыйла коопсуз жерлерге көчүрүү боюнча аракеттердин айкын программасын иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктен республика боюнча, өзгөчө Бишкек шаарынын айланасында өз алдынча турак жай курууга жол бербөө максатында ишин кайра курууну талап кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында өзгөчө кырдаалдарда тезинен чара көрүү үчүн кубаттуу курулуш уюмун түзүү жөнүндө маселени кароо;
- Ош шаарынын түштүк борбор катары статусун эске алып, ошондой эле жер титирөөнүн натыйжасында түзүлгөн оор абалга, тургундарды жетиштүү жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуунун мүмкүн эместигине жана колдо бар жабдуулардын азыркы талаптарга ылайык келбегендигине байланыштуу иштердин абалын тыкыр иликтөө жана анын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча атайын токтом даярдоо;
- "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу үчүн каражаттарды чегерүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу үчүн чегерүүлөр" беренеси боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө келип түшкөн бардык каражаттар республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө каралсын.
Башкача айтканда, 2008-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорунун чыгаша бөлүгүндө суммасы 1100 млн. сом Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу үчүн каражаттарды өзүнчө сап менен көрсөтүү, ошондой эле аларды катуу контролдоонун, калыс бөлүштүрүүнүн жана максаттуу пайдалануунун механизмин иштеп чыгуу;
- республикада өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу үчүн чегерилүүчү каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу үчүн каражаттарды чегерүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ага карата актылардын жоболорунун "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери менен болгон карама-каршылыктарды четтетүүнү караган тиешелүү мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү;
- 2007-жылдын 26-декабрында жана 2008-жылдын 1-январында Ош шаарында, Ош, Жалалабат жана Баткен областтарында болгон жер титирөөнүн натыйжасында жабыр тарткан калктуу конуштардын тургундарын (Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашылган тизмеге ылайык), ошондой эле жабыр тарткандар убактылуу жайгаштырылган билим берүү мекемелерин (анын ичинде мектепке чейинки мекемелерди) жылытуу мезгили аяктаганга чейин турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн керектелүүчү электр энергиясы үчүн акы төлөөдөн бошотуу жөнүндө маселени чечүү;
- табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткандарга турак жай куруу үчүн жер бөлүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө маселени чечүү;
- 2008-жылга республиканын бюджетинде курулуш ченемдери менен талаптарына ылайык келген социалдык багыттагы объекттерди куруу үчүн, ошондой эле аларды зарыл болгон заманбап шаймандар жана жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн каражаттарды кароо;
- жер титирөө болгондон кийин жарылып кеткен жерлерде JPC-маяктарды (жер кыртышындагы жер көчкүлөр менен жараңка кетүүлөрдүн кыймылынын так координатын аныктоого мүмкүнчүлүк берүүчү глобалдык байкоонун спутник тутуму) орнотуу жана 2008-жылдын II кварталында жерди кайталап текшерүү жүргүзүү;
- "2008-жылга айыл чарбасына жарактуу жерлерди, короо алдындагы жана дачалык жер участокторун, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо жер титирөөнүн натыйжасында жабыр тарткан калктуу конуштардын тургундарына базалык ставкалардын 50 пайызынын өлчөмүндөгү жеңилдиктерди кароо;
- 2007-жылдын 26-декабрында жана 2008-жылдын 1-январында Ош шаарында, Ош, Жалалабат жана Баткен областтарында болгон жер титирөөнүн натыйжасында жабыр тарткан калктуу конуштардын тургундары үчүн 2008-жылга сугат суусун берүү боюнча кызматтар үчүн бекитилген тарифтердин 50 пайызынын өлчөмүндөгү жеңилдиктерди белгилөө;
- жабыр тарткан райондорго берилүүчү электр энергиясынын кубаттуулугун жогорулатуунун, Ош шаарынын ЖЭБсын мазут менен зарыл болгон көлөмдө камсыз кылуунун, жаңы өрт өчүрүүчү машиналарды сатып алуунун, дамбаларды курууну, өзөндөрдө жээкти бекемдөө жумуштарын жана каналдарды тазалоону жүргүзүүнү каржылоо мүмкүнчүлүгүн табуу;
- Ош областында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кичи бөлүмүн Министрликтин штаттарын кыскартуунун эсебинен ачуу жөнүндө маселени кароо, ошондой эле Баткендеги жана Жалалабаттагы кичи бөлүмдөрүнүн ишин күчөтүү;
- турак жайды ашар усулу жана ачыган ылайдан салтка айланган элдик "сынч" ыкмасы менен куруп жаткан жарандарды курулушту объектти курууга Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдун (МАКК) уруксатын алгандан кийин баштоого жана аны долбоорлоо-сметалык документтерге (ДСД), ошондой эле Курулуш ченемдерине жана эрежелерине (КЧ жана Э) ылайык жүргүзүүгө милдеттендирүү;
- жабыр тарткан калкка акчалай каражаттарды бөлүп берүүнүн ордуна социалдык объекттери менен инфраструктурасы бар окшош жана стандарттуу үйлөрдөн турган чакан турак жай конуштарын курууну кароо;
- Ош шаарында мурда иштеген жыгачты кайра иштетүүчү заводдордун, темир-бетон буюмдарын даярдоо боюнча заводдордун жана үй куруу комбинаттарынын базасында үйлөрдү жеңил конструкциялардан монтаждоо боюнча тендер жарыялоо менен ишкана ачуу;
- табигый кырсыктан жабыр тарткан калкты турак жай менен камсыз кылуу үчүн аскерлештирилген жана студенттик курулуш отряддарын, ошондой эле жардам көрсөтүү үчүн жарандардын эркин каражаттарын тартуу максатында кайрымдуулук коомун түзүүнүн мүмкүнчүлүгүн иликтөө;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 1000ден жылуу жана жайкы чатырды, ошондой эле 1000 бат чогултма тактай үйдү резервге коюу;
- дарылоо жана реабилитациялоо үчүн жабыр тарткан калкты дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жабыр тарткандарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып жүрмө медициналык жабдуу бөлүп берүү;
- эң кыска мөөнөттө турак жай фондун милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү;
- табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан республиканын региондорундагы калкка жардам көрсөтүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине квартал сайын маалымдоо.
4. Төмөнкүлөргө:
- иш жүзүндөгү медициналык жардам көрсөтүү максатында республикалык медицина уюмдарынын адистерин тартуу менен комплекстүү дарыгерлик бригадаларды түзүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине;
- райондордун белгилүү аймактары боюнча адистерди бекитүү менен турак жайды тизмектен өткөрүүнү жүргүзүү жана оор материалдык абалынын айынан өз убагында мыйзамдаштыра албаган жабыр тарткан райондордун тургундарына үйлөрдүн техникалык паспортторун жол-жоболоштурууда көмөк көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жана анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетине (Жээнбеков Ж.А.), Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине (А.М.Салымбеков) жүктөлсүн.
Төрага | А. Мадумаров |