Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 31-январы № 111-IV
"2006-жылда Кыргыз Республикасындагы адамдын
жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Омбудсмени
(Акыйкатчысы) Т.Бакир уулунун баяндамасы тууралу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун 30-пунктчасына ылайык "2006-жылда Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Т.Бакир уулунун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "2006-жылда Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Т.Бакир уулунун баяндамасы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- жашы жетпегендердин укуктарын камсыз кылуу максатында Ата-энелердин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалымат банкын түзүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын;
- колдонуудагы мыйзамдарды "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүүнү караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) көңүл бурган актылар жана анын кайрылуулары боюнча адамдын жана жарандын бузулган укуктары менен эркиндиктерин калыбына келтирүү боюнча токтоосуз чараларды көрсүн;
- адамдын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин бузган жана Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) ишине тоскоолдук кылган кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартсын;
- мыйзам актыларынын так жана бир түрдүү аткарылышына, адамдардын алдын ала кармоо жана жазаларды аткаруу жерлеринде камалып турушунун мыйзамдуулугун, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында даттанууларды жана арыздарды өз убагында кароого тиешелүү прокурордук көзөмөлдү камсыз кылсын.
4. Жергиликтүү соттор тарабынан жазык, жарандык жана администрациялык иштер боюнча сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатына натыйжалуу соттук көзөмөлдү камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна сунуш кылынсын.
5. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматына талапкерлерге карата Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) сын-пикирлерин эске алуу Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңешке сунуш кылынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппаратын "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 1 жана 2-пункттарына ылайык толук каржылоону камсыз кылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетине (З.К.Курманов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Мадумаров |