Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 7-февралы № 115-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
комитеттеринин курамына депутаттарды
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкү депутаттар:
Ирина Юрьевна Карамушкина Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар, гендер саясаты, дене тарбиясы жана спорт боюнча комитетинин курамына;
Бумайрам Уташевна Мамасейитова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин курамына;
Анаш Токтосунович Сейтказиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетинин курамына;
Гүлжамал Тиленбаевна Султаналиева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар, гендер саясаты, дене тарбиясы жана спорт боюнча комитетинин курамына киргизилсин.
Төрага | А. Мадумаров
|