Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 7-февралы № 117-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
комитеттерине тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ош областынын Карасуу, Алай, Өзгөн жана Ноокат райондору менен Ош шаарында 2007-жылдын 26-декабрында жана 2008-жылдын 1-январында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү, аларга трансформацияланган жерлерден турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча, ошондой эле 2008-жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдык боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана областтык мамлекеттик администрация тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө" маселе боюнча 2008-жылдын 18-19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен көчмө жыйналыш өткөрүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитети (Ж.А.Жээнбеков) менен Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине (А.М.Салымбеков) тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитети менен Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети көчмө жыйналыштын жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А. Мадумаров |