Редакцияот 20.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 20-февралы № 3834-V

"2013-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын

ортосундагы "Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо"

долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 31-декабрындагы № 719 токтому) "2013-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков