Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 14-февралы № 149-IV
2008-жылдын 14-февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 14-февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
Депутат Д.А.Ниязалиеваны Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитеттин курамына киргизүү жөнүндө;
Г.У.Мукамбаеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу тууралу;
С.К.Сыдыкованы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрайымынын кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу тууралу;
Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчысын) шайлоо жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө;
Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө;
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө;
"Европа Бирлиги-Кыргызстан" парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө;
Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө;
Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна (AFPPD) жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун калктын саны жана өнүгүү фондуна Кыргызстандын Парламентчилеринин калктын саны жана өнүгүү боюнча улуттук комитетинин курамын бекитүү жөнүндө;
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө;
Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө;
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралу;
Ислам Конференциясы уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө;
Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун курамын бекитүү жөнүндө.
Төрага
| А.Мадумаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
|