Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 14-февралы № 152-IV
С.К.Сыдыкованы Кыргыз Республикасынын Конституциялык
сотунун төрайымынын кызматына дайындоого макулдук берүү,
Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчысын),
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана
Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо
боюнча жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн
эсептөө комиссиясын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.К.Сыдыкованы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрайымынын кызматына дайындоого макулдук берүү, Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчысын), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо боюнча жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясы 7 депутаттын курамында шайлансын.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары шайлансын:
Р.А.Абдыраимова;
А.А.Арабаев;
А.Ш.Жээнбеков;
С.К.Кадыралиев;
Б.У.Мамасейитова;
У.З.Ормонов;
Т.Орозалиев.
Төрага | А.Мадумаров |