Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 14-февралы № 169-IV
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмга катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты андан ары терендетүүнүн зарылдыгын таанып, ЕККУнун алкагында парламенттер аралык байланыштарды активдештирүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:
Э.С.Ибраимова
И.А.Масалиев
Б.Дж.Бешимов
А.Б.Байбураева
2. Депутат Э.С.Ибраимова парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.
3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
4. 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 209-III "Коопсуздук жана кызматташуу боюнча Европадагы уюмдун Парламенттер Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Парламенттик делегациясынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | А. Мадумаров
|