Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 26-фералы № 3847-V

«Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Б.Иманкожоева, А.Ш.Жээнбеков, К.К.Иманалиев жана Ч.А.Султанбекова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети (С.К. Нышанов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төраганын орун басары

Т.Зулпукаров